Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 14 пайыз деңгээлинде калтырды

Улуттук банк эсептик ченди (негизги чен) 14,0 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2022-жылдын 26-июлунан тартып күчүнө кирет, – деп айтылат Улуттук банктын расмий сайтында.

Тышкы чөйрөдө инфляциянын тездеши мурдагыдай эле глобалдуу мүнөзгө ээ болууда. Негизги азык-түлүк товарларына баалардын индекси акыркы айларда төмөндөгөндүгүнө карабай, рекорддук жогорку деӊгээл көрсөткүчүндө калууда. Бул шарттарда инфляциялык басым Кыргыз Республикасында сакталып жатат. 2022-жылдын июль айында1 жылдык инфляция 13,6 пайызды (2022-жылдын июнунда – 13,1 пайыз) түздү. Баанын өсүшү инфляциянын бардык компоненттери боюнча байкалууда. Азык-түлүк товарларына баанын бүткүл дүйнөлүк өсүшү жана суроо-талаптын акырындык менен калыбына келе башташы өлкөдө инфляцияга тиешелүү факторлордун негизгилеринен бойдон калууда.

Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн негизги индикаторлору оӊ динамиканы көрсөтүүдө. 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча ИДӨ өсүш арымы 6,3 пайызды түздү (“Кумтөр” алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда – 3,9 пайыз). Экономиканын бардык тармактары активдүү өсүштү көрсөттү: өсүштүн кыйла жогорку арымы өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана курулуш секторлорунда байкалды. Ички суроо-талаптын туруктуу калыбына келүүсү экономикалык жигердүүлүктүн өсүшүнө олуттуу салымын кошо алды.

Улуттук банктын учурдагы күндөлүк монетардык саясаты экономикада инфляциялык процесстерди ооздуктоо жана дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторунда баанын глобалдуу өсүш тенденциясынын терс таасирин төмөндөтүү зарылчылыгы менен шартталган. Жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатынын маанилүү натыйжаларынын бири болуп, сом түрүндөгү финансылык активдердин, анын ичинде сом түрүндөгү мөөнөттүү аманаттардын өтүмдүүлүгүнүн жогорулашы саналат. Банк системасынын жаӊыдан кабыл алынган сом түрүндөгү мөөнөттүү депозиттеринин көлөмү 2022-жылдын февраль айынан май айларына чейинки мезгил аралыгында 30,4 пайызга2 (өсүш 5,0 млрд сом2 тегерегинде) өскөн. 2022-жылдын май айынын жыйынтыгы боюнча улуттук валютадагы депозиттик база 2021-жылдын май айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 22 пайыздан ашыгыраак өскөн.

Кредиттик жигердүүлүк экономиканын реалдуу секторунун улуттук валютада кредиттөөсүнүн кеӊейүүсү менен колдоого алынууда. Жаӊыдан берилген сом түрүндөгү кредиттердин көлөмү 2022-жылдын февраль-май айларынын жыйынтыгы боюнча 16,2 пайызга көбөйгөн (өсүш 6,8 млрд сом тегерегинде). Банк системасынын долларлашуу көрсөткүчү акырындык менен төмөндөөдө (2022-жылдын май айынын жыйынтыгы боюнча депозиттердин долларлашуусу 42,2 пайызды, кредиттердин долларлашуусу – 25,9 пайызды түзгөн).

Ички жана тышкы экономикалык чөйрөнү өнүктүрүү шарттарын эске алып, Улуттук банк эсептик ченди 14,0 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Монетардык саясаттын учурдагы курсун колдоо орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктердин жана тышкы конъюнктуранын кесепеттеринин Кыргызстандын экономикасына таасирин төмөндөтүү үчүн зарыл.

Улуттук банк түптөлгөн жагдайга туруктуу негизде көз салып турат жана зарыл учурда орто мөөнөткө каралган мезгилде баа туруктуулугун камсыз кылуу боюнча максатка жетүү үчүн тиешелүү чараларды көрөт.