15-июлда Кыргызстандын Россиядагы элчилиги КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен биргеликте РФде ата-энесинин камкордугусуз калган КР жараны болгон 6 баланы мекенине кайтарды.
КР Тышкы иштер министрлигинен билдиргендей, элчилик РФнын компетенттүү органдары менен балдарды репатриациялоону макулдашуу жол-жобосун жүргүзүп, алардын мекенине кайтып келүү процесси үчүн зарыл болгон тиешелүү документтерди даярдоого көмөк көрсөткөн.
Элчилик Россияда Кыргызстандын жашы жете элек жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишин улантат.