14-июлда КР тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Кореянын Маданият, спорт жана туризм министрлигине караштуу Азия маданият борборунун президенти Ли Канг Хён башында турган делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2,3 млн доллар өлчөмүндөгү Корея өкмөтүнүн өнүктүрүүгө расмий жардамынын алкагында Кыргыз Республикасынын маданий мурастарын санариптештирүү долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
Динара Кемелова кыргыз тараптын Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын чет өлкөлөрдө кеңири жайылтуу жана Кыргызстанга чет элдик туристтерди тартуу үчүн бирдиктүү маалымат базасын түзүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, долбоорду КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ишке ашырууда. Анын алкагында Кыргызстандын үч маданий объектисинин мүмкүнчүлүгүн күчөтүү пландаштырылууда: Улуттук тарых музейи, Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейи жана Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борбору.