ЖРТнын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл облусу алдыңкы сапта

ЖРТнын жыйынтыгы боюнча облустар арасында Ысык-Көл облусу 1-орунду ээледи. Бүгүн, 8-июлда алтын сертификатка ээ болгон 5 бүтүрүүчүгө Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов сыйлыктарды тапшырды.

Облус жетекчиси А.Сулайманов бүтүрүүчүлөргө планшеттерди жана чыгаан мамлекеттик ишмер Ж.Абдрахманов тууралуу тарыхый-даректүү баян китебин тапшырып, келечек ээлерине ийгиликтерди каалады.

ЖРТдан жогорку балл алган бүтүрүүчүлөр:

-Азамат Саламатов, 225 балл – Ысык-Көл районундагы Ананьево айылындагы К.Карасаев атындагы Ысык-Көл балдар лицейинин бүтүрүүчүсү;

-Алимбек Токтогазиев, 224 балл – Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү;

-Актилек Шекенов, 223 балл – Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Кут билим окуу-тарбия борборунун бүтүрүүчүсү;

WhatsApp Image 2022 07 08 at 09.52.05 ЖРТнын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл облусу алдыңкы сапта
WhatsApp Image 2022 07 08 at 09.52.03 2 ЖРТнын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл облусу алдыңкы сапта

-Төлөнбек Абдыбеков, 222 балл – Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Кут билим окуу-тарбия борборунун бүтүрүүчүсү;

-Жоомартмырза Маратов, 221 балл – Каракол шаарындагы К.Карасаев атындагы Ысык-Көл балдар лицейинин бүтүрүүчүсү.

WhatsApp Image 2022 07 08 at 09.52.02 1 ЖРТнын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл облусу алдыңкы сапта
WhatsApp Image 2022 07 08 at 09.52.03 ЖРТнын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл облусу алдыңкы сапта
WhatsApp Image 2022 07 08 at 09.52.02 ЖРТнын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл облусу алдыңкы сапта
WhatsApp Image 2022 07 08 at 09.52.03 1 ЖРТнын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл облусу алдыңкы сапта