Айдарбек Мамбеткадыров санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды

Айдарбек Мамбеткадыров санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин Мамбеткадыров санариптик өнүктүрүү министринин кеңешчиси кызматын аркалап келген.

Ошондой эле, Жогорку соттун аппаратында, Конституциялык сотто, Бишкек шаарынын мэриясында, Жогорку Кеңештин аппаратында жана өкмөттүн аппаратында эмгектенген.