
Жалал-Абад шаарында бир жума ичинде тамакка уулануу боюнча экинчи учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ооруканага 13 адам кайрылган. Учурда алардын сегизи амбулатордук дарыланууда, 5 ооруканада.
Эскерте кетсек, буга чейин “Ага-ини” тез татым жайынан 28 адам тамак-ашка ууланып, ооруканага жаткырылган. Дагы 12 адам амбулатордук дарыланууда.