Эски прокуратуранын ордуна Германиядан жасалган 3 долбоор сунушталды

Бишкек шаарындагы эски прокуратуранын имараты бузулат.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров өрттөлүп кеткен имараттын ордуна жаңы заманбап имарат куруу зарылдыгын, ошондой эле көп жылдан бери бузулбай же курулуп бүтө элек имараттарды иретке келтирүү керектигин баса белгиледи.

«Учурда Бишкек шаарынын мэриясына Германиядан жасалган 3 долбоор сунушталды. Долбоор боюнча жаңы заманбап, сапаттуу материалдардан курула турган имарат 7 кабаттан турат. Шаардагы салынган стандарттуу имараттардан өзгөчөлөнүп даярдалган»,-деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы Киев көчөсүндө жайгашкан башкы прокуратуранын өрттөлүп кеткен имаратын бузууга тендер жарыялаган.

whatsapp image 2022 07 01 at 14 48 09 Эски прокуратуранын ордуна Германиядан жасалган 3 долбоор сунушталды
whatsapp image 2022 07 01 at 14 48 09 1 Эски прокуратуранын ордуна Германиядан жасалган 3 долбоор сунушталды