Атыр Абдырахматова: «Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборун Омбудсмен институту менен бириктирүү болбойт»

Акыйкатчы Атыр Абдырахматова «Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборун Омбудсмен институту менен бириктирүү болбойт»,-деген пикирин билдирди.


Анын белгилешинче, акыйкатчы болуп шайланып жатканда да бул позицияны айткан.


«Эки Улуттук адам укугун коргоочу мекемени чабыштырып, салыштырып, атаандаштыргандар да туура эмес кылат. Макам башка, Акыйкатчы менен тыгыз так кызматташуу механизмдерин тактап жатам, Мекенибизде кыйноолор, адамгерчиликсиз же кадыр баркты басмырлаган иш аракеттер, абакта же камакта өлүмдөр болбош керек»,-дейт Абдырахматова.