Акылбек Жапаров суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров суу тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын суу чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктады!

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, куттуктоонун тексттинде төмөнкүдөй айтылат:

«Урматтуу суу чарба кызматкерлери!

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин атынан сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын суу чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Суу – бул энергиянын баа жеткис булагы! Суусуз адамзаттын жана жер бетиндеги бардык тиричиликтин болушун элестетүү мүмкүн эмес.

Айыл чарба жерлерин суу менен камсыздоого багытталган сиздердин күнүмдүк ишиңиздер өлкө үчүн зор экономикалык мааниге ээ.

Учурда ирригациялык тармакты калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө чоң көңүл бурулууда. Бул максатта зарыл болгон финансылык ресурстар бөлүнгөн. Көрүлүп жаткан чаралар аркылуу жакынкы аралыкта биз сугат суу көйгөйүн чечип, колдонуудагы ирригациялык тармактарды оңдоп, жаңы каналдарды курууга тийишпиз, бул сугат жерлеринин аянтын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Буга катар тамчылатып сугаруу тармагында, жаңы скважиналарды бургулоо жана суу ресурстарын пайдаланууда эң алдыңкы технологияларды пайдалануу маанилүү.

Биз биргелешип алдыга коюлган бардык милдеттерди өз убагында жана толук көлөмдө чече аларыбызга ишенем.

Ушул майрам күнү баарыңыздарга чың ден соолук, бакубаттуулук, тынчтык жана ишиңиздерде жана жашооңуздардагы ийгиликтерди каалайм! Майрамыңыздар менен!».