Садыр Жапаров: Сооронбай Жээнбековдон бир доллар алган жокмун

“Азаттык” радиосу президенттин маалымат кызматына кайрылып, соңку окуялар боюнча Садыр Жапаровдон комментарий алуу өтүнүчүн жөнөткөн. 

Сиздин дарегиңизге камакта отурган мурдагы тарапташыңыз Мелис Аспеков бир катар айыптоолорду айтып чыкты. Ал сот отурумунда сизден убагында миллион доллар алганын, акчаны өз кезегинде сизге Сооронбай Жээнбеков бергенин жарыялады. Бул жагдай шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча шек саноолорду жаратчудай. Чынында эле Сооронбай Жээнбеков сизге ири суммада акча берди беле?

Жапаров: Сооронбай Жээнбековдон бүгүнкү күнгө чейин 1 миллион доллар алмак түгүл бир доллар алган жокмун. Кудай өзү көрүп турат. Ал эми Мелис Аспеков болсо шайлоо убагында мени сурап жатат деп ар кимден акча чогултуп кармалган. Ошол үчүн камакта жатат.

Буга чейин сотто Мелис Аспеков Президенттик шайлоо учурунда Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековдон 1 млн доллар алган деп билдирген. Бул тууралуу камактагы активист Мелис Аспеков сот отурумунда билдиргенин жактоочу Нурбек Токтакунов маалымдаган.

Токтакуновдун айтымында, кечээ Мелис Аспеков аны Бишкек шаардык сотунда болгон соттук отурумуна чакырган.