Кыргызстандын аймагынан шекерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Министрлер кабинети кумшекерди жана чийки камыш кантты өлкөдөн алып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу киргизди. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды, — деп билдирет министрлер кабинетинин маалымат кызматы.

Токтом Кыргыз Республикасынын аймагынан кумшекерди массалык түрдө экспорттоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана кант рыногунда бааны кармап туруу максатында иштелип чыккан.