Таласта көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) колдонууга каршы акция өтүп жатат

Соода жүргүзүүдө көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) колдонууга каршы акция бүгүн 30-майда Таласта да өтүп жатат.

Акцияга чыккан 100дөй адам президент Садыр Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, мурдагы патент системасын калтырууну өтүнүп жатышат.

ККМге каршы акция бүгүн Бишкекте, Өкмөт үйүнүн алдында да өтүүдө. Өзүлөрүн дүкөн-базарда иштеген соодагер деп тааныштырган 100 чакыт адам колуна “ККМге каршыбыз”, “Счет-фактурага каршыбыз”, “Патент калсын” деген жазууларды кармап турушат.