
Бүгүн, 26-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кандай” маселелер саатында өлкөдөгү бир катар саясий-экономикалык маселелер көтөрүлдү.
Алсак, депутат Балбак Түлөбаев Тоң районундагы Туз көлдү алган ишкер аталган уникалдуу жайды иштете албай жатканын айтып: “Өзү жакшы шарт түзө албаса, элге кайра кайтарып берсин”, – деди эл өкүлү.