Бишкекте жеңил унаа менен автокрандын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. бул тууралуу Милициянын Кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-майга караган түнү болжол менен саат 00:40 чамасында 1997-жылы туулган Ж. Н. аттуу айдоочу А. Масалиев көчөсү менен чыгыш тарапты көздөй Кранды башкарып бара жатып, карама-каршы багытта келе жаткан 1998-жылы туулган Б.М. аттуу айдоочунун башкаруусундагы БМВ 530 үлгүсүндөгү автоунаа менен сүзүшкөн.
Натыйжада БМВ 530 үлгүсүндөгү унаадан 2 жаран жабыркап ооруканага жеткирилген.
Азыркы учурда эки унаа тең убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.