Японияда круиздик кеме жоголуп кеткен аймакта 10 адамдын сөөгү табылган

Жапон бийлиги Хоккайдо аралынын жээгинде — суу ташкыны тууралуу сигнал жиберген KAZU 1 круиздик кеме жоголуп кеткен аймакта 10 адамдын сөөгү табылганын тастыктады. Бул тууралуу жекшембиде NHK телеканалы билдирип, каза болгондордун жетөө эркек, үчөө аял экенин маалымдады. Алардын бешөө куткаруучу кемсел кийген.

Буга чейин табылган адамдар эс-учун жоготуп жатканы кабарланган.

Ишемби күнү түштөн кийин KAZU 1 чөгүп баратканы тууралуу сигнал жөнөтүп, кийин байланыш үзүлгөн. Бортто 24 жүргүнчү, анын ичинде эки бала, капитан жана анын жардамчысы болгон.

Өзгөчө кырдаал болгон аймактагы издөө иштерине жээк коопсуздугу жана Жапониянын өзүн-өзү коргоо күчтөрү катышууда.