
Таласта дайынсыз болуп жаткан 13 жаштагы бала аман-эсен табылды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-апрель күнү 41 куткаруучу, 18 милиция кызматкери, туугандарынан 20 киши тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери саат 19:00 чамасында убактылуу токтотулган.
Саат 21:12 чамасында баланын атасы уюлдук телефон аркылуу чалып, баласы аман-эсен табылгандыгы тууралуу билдирген.
Эскерте кетсек, 19-апрелде Көк-Токой айылынын 13 жаштагы И.У. аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.