Нуржигит Кадырбеков Алымкадыр Бейшеналиевдин кызматында калуусун өтүндү

Нуржигит Кадырбеков Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кызматында калуусун өтүнөт.

Бул тууралуу ал Жогорку Кенештин жыйынында президенттин өкүлү Алмазбек Абытовго карылып жатып билдирди.

Эл өкүлү министрдин ишине баа берди.

«Мага анын бир жаман сөздөрдү сүйлөп алганы жакпайт, бирок мен жакында «Алтын балалык» борборуна барып, бир тыйын бөлүнө элек жерде бардык иштер бүткөрүлүп жатканын көрүп келдим.

Алымкадыр Бейшеналиев — бул «Жашыл мурас» демилгесин колго алган бир гана жалгыз министр болуп саналат. Келгиле жакшы, мыкты кадрларды сактап калабыз», — деди Нуржигит Кадырбеков.