Ошто милиция кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган “Кыргызтесттен” өтүштү

ИИМдин “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жөнүндө” тескемесинин талаптарын аткаруу максатында аймактардагы ички иштер органдарын кызматкерлерине мамлекеттик тилде иш кагаздарды жүргүзүүнүн деңгээлин, сабаттуулугун жана сапатын жогорулатуу боюнча семинарлар уюштурулуп, милиция кызматкерлерин “Кыргызтесттен” өткөрүү боюнча иштер аткарылууда.


Алсак, 2022-жылдын 14-15-апрелинде Ош шаардык жана облустук ИИБдин 100 кызматкери Ош шаарында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган Кыргызтесттен өтүштү.

WhatsApp Image 2022 04 15 at 13.38.43 Ошто милиция кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган “Кыргызтесттен” өтүштү


Андан сырткары, 18-апрель күнү “Мамлекеттик тилде иш кагаздарды жүргүзүү” деген аталыштагы семинар Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери үчүн өткөрүлгөнү жатат.


Бул иш-чаралардын бардыгын ИИМдин Башкы штабынын Мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн кызматкерлери уюштурууда.

WhatsApp Image 2022 04 15 at 13.38.44 1 Ошто милиция кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган “Кыргызтесттен” өтүштү

ИИМдин Басма сөз кызматы