Кызыл-Кыя шаарында “Мал ууру” иш-чарасы өткөрүлдү

Кызыл-Кыя ШИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан “Мал ууру” рейддик иш-чарасы өткөрүлүп, иш-чаранын алкагында шаар аймагына стационардык посттор коюлуп, ветеринардык кызматтын кызматкерлери менен биргеликте текшерүүлөрдү жүргүзүштү. Ошондой эле Караван айылындагы мал базар кылдаттык менен текшерилип, мал базарга келген элдерге мал уурулуктун алдын алуу, кылмыштуулукту болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштерин алып барышты.


Шаар аймагындагы базарлардагы эт саткан дүкөндөр, мал союулуучу жайлар көзөмөлдөн өткөрүлдү.

WhatsApp Image 2022 04 14 at 09.33.06 Кызыл-Кыя шаарында “Мал ууру” иш-чарасы өткөрүлдү
WhatsApp Image 2022 04 14 at 09.33.05 Кызыл-Кыя шаарында “Мал ууру” иш-чарасы өткөрүлдү

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы