Чет өлкөдө өндүрүлгөн акциздик маркасыз тамекини сатуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарында чет өлкөдө өндүрүлгөн акциздик маркасыз 1500 таңгак, Ош облусунун Өзгөн районунда 836 таңгак тамекини сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкерлерде сатылып жаткан продукцияга карата уруксат берүүчү бардык документтери жок болгон. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 2 миң 336 таңгак тамеки тартып алынды.

Ишкерлерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.