№260 маршруттук каттамдын айдоочулары жумушка чыкпай койду

Бишкекте №260 маршруттук каттамдын айдоочулары жумушка чыкпай койду. Бул тууралуу маалыматты Бишкек мэриясынын Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын маалымат кызматы тастыктады.

«Жагдайды териштирүү үчүн тиешелүү кызматкерлер жерине жөнөп кетти, толук маалымат кийин берилет»,-деп билдиришти мекмеден.

Буга чейин социалдык тармактарда №260 маршрутка каттамга чыкпай жатканы жана
маршруткачылардын бир бөлүгү башка айдоочуларды иштетпей урушуп, ичиндеги жүргүнчүлөрүн түшүрүп артка кайтарып жатканы тууралуу маалыматтар социалдык тармактарда тараган.