Нарында акыркы 3 айда оң рулдуу унаалардын катышуусунда 23 жол кырсыгы катталган

Нарын облусунун аймагында 2022-жылдын 3 айында оң рулдуу автоунаалардын катышуусунда 23 жол кырсыгы катталса анын ичинен 10 жол кырсыгы ар кандай жаракат менен коштолуп, 21 жаран ар түрдүү жаракат алышкан.

Ал эми материалдык чыгым алып келген жол унаа кырсыктары оң рулдуу автоунаалардын катышуусунда 13 факт катталган.
Оң рулдуу автоунааларды башкарууда карама-каршы тилкеде келе жаткан автоунааларга ар түрдүү ыңгайсыз абалдарды жаратуу менен ар кандай кокустуктар жаралып анын кесепетинен жол кырсыктары да келип чыгууда.

WhatsApp Image 2022 04 06 at 07.46.49 Нарында акыркы 3 айда оң рулдуу унаалардын катышуусунда 23 жол кырсыгы катталган


Азыркы учурда көпчүлүк айдоочулардын автоунаалары он рулдуу жана Нарындан Бишкек шаарына эл ташыган минивен автоунааларды көрүүгө болот.


Ошол себептүү Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан эл ташыган такси каттамындагы айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында профилактикалык түшүндүрүү иштерин тынымсыз өткөрүп келишет.


Эске салсак, 2021-жыл ичинде облус аймагында оң рулдуу автоунаалардын катышуусунда жалпы 42 жол унаа кырсыктары катталып, анын кесепетинен 11 адам каза болуп, 96 жаран ар кандай жаракаттарды алышкан.

WhatsApp Image 2022 04 06 at 07.46.50 Нарында акыркы 3 айда оң рулдуу унаалардын катышуусунда 23 жол кырсыгы катталган

Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы