Ошто «Жөө адам өткөөлү» рейдинин натыйжасында 2 миң 554 жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Ош шаарында өткөрүлгөн «Жөө адам өткөөлү» рейдинин натыйжасында 2 миң 554 жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Ош шаарында өткөрүлгөн «Жөө адам өткөөлү» рейдинин жүрүшүндө жол эрежелерин бузуу фактылары катталып, протоколдор түзүлдү.


Ушул жылдын 25-мартынан 4-апрелине чейин «Жөө адам өткөөлү» рейди болуп өттү.
26-апрелден 4-апрелге чейин жалпысынан 2 миң 554 жол эрежелерин бузуу фактысы орун алган. Анын ичинен жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдөн өтпөй, башка жерлерден өткөн жарандарга 97 протокол түзүлгөн.


Документи жок унаа айдагандарга 32 протокол, мас абалында унаа айдагандар 15 протокол, кошумча жабдык орнотуп алгандарга 3 протокол түзүлгөн. Ал эми айып короого 37 унаа токтотулган.

WhatsApp Image 2022 04 04 at 11.56.44 Ошто «Жөө адам өткөөлү» рейдинин натыйжасында 2 миң 554 жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Ош ШИИБы боюнча МККБнын басма сөз кызматы