Украин армиясы орус аскерлеринен бошоткон Бучада карапайым тургундардын сөөктөрүн табышкан.
NEXTA Live россиялык басылмасынын Телеграм каналындагы жарыялаган маалыматында Бучадагы кол салууда подполковник Өмүрбеков Азатбек Асанбекович жооптуу экени айтылды. Ал учурда 51460 аскер бөлүмүндө кызмат өтөйт, бул 64-чү мотоаткычтар бригадасы (Хабаров крайы)
Орусиянын Коргоо министрлиги айыптоолорду четке кагып, Киев тараткан сүрөт, видеолорду “кезектеги чагым” деп сыпаттады.
Эске салсак, Human Rights Watch укук коргоо уюму “орус аскерлери согуштун мыйзамдарын бузган бир нече учурду каттаганын” билдирди. Сөз Чернигов, Харьков жана Киев облустары тууралуу жүрүүдө.
Аталган сайт ошондой эле тизмени да жарыялады.
Зеленский орус куралдуу күчтөрүн катуу сындап, Кремлдин лидерлерин Бучага келип, согуштук аракеттердин кесепеттерин өз көзү менен көрүп кетүүгө чакырды. Анын айтымында, орус аскерлеринин Украинадагы аракеттери үчүн президент Владимир Путин жана орусиялык аскер адамдары жооп бериши керек.
Батыш лидерлери Бучада жайкын тургундардын сөөктөрү табылганы тууралуу маалыматтарды айыптоо менен кабыл алышты.