
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФАнын рейтингинде 95-орунга көтөрүлдү. Жаңыланган рейтинг 31-мартта Өзбекстанда өткөн Navruz Cup эл аралык турниринин жыйынтыгы боюнча жарыяланды.
Наманганда Кыргызстандын курама командасы эки беттеш өткөрүп, Өзбекстан (1:3) жана Тажикстанга (0:1) утулуп калды. Жаңыланган рейтингде Кыргызстандын курама командасы 1218 упай менен 95-орунга көтөрүлдү.
