
Ысык-Көлдүн акваториясында браконьердик фактыларына жол бербөө максатында, областтык ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясы тарабынан тынымсыз иш аракеттер колго алынып келүүдө.

Жакында, рейдтин жүрүшүндө аталган кызматтын кызматкерлери тарабынан Тору-Айгыр айылынын көл жээгинен, жергиликтүү эки тургун мыйзамсыз балык кармагандыгын аныкташкан. Милиционерлер, 34 жашар Б.Н. жана И.Бдан. 26 даана Сига-Лудога балыгын табышып алышкан.
Аталган факт Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, кылмыш-жаза кодексинин 310 (Мыйзамсыз аңчылык кылуу, же болбосо балыкты, суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо) беренеси менен кылмыш иши козголду. Экспертердин корутундусунун жыйынтыгы менен жалпы чыгым 55 миң сомду түздү.


Тергөө амалдары уланууда.