
2022-жылдын 23-март күнү Москва РИИБүнө Т.А., арыз менен кайрылып,
2021-жылдын ноябрь айында белгисиз адамдар тарабынан анын бир баш уйун
уурдап кеткендигин билдирген.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын
Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Москва РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери
тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы
кылмышка шектелип 1990-жылы туулган Н.Ж., аттуу жаран кармалып тергөө
кызматына тапшырылып берилген.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.