Жол кырсыгынан үч адам каза болду

2022-жылдын 20-март күнү саат 15:30 чамасында Бишкек- Нарын-Торугарт жолунун 138 чакырымында 30 жаштагы К.Т., Honda Stepwgn унаасы менен чыгыштан батышка бара жатып, унаанын рулуна ээ боло албай жолдун жээгиндеги тосмону сүзүп токтогон.

WhatsApp Image 2022 03 21 at 18.40.03 1 Жол кырсыгынан үч адам каза болду


Жол кырсыгынын кесепетинен айдоочусу К.Т. алган жаракатынан улам Кемин райондук ооруканадан каза болгон, жүргүнчүлөрү 35 жаштагы Ш.Т. жана Б.Г. (аял кишлер), окуя болгон жерде алган жаракаттарынан улам каза болушкан, ал эми дагы бир жүргүнчүсү Кемин райондук ооруканада жаткырылды.


Унаа айып аянтчасына жеткирилип, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.


Бардык жол кыймылынын катышуучулары Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө, так аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керек.

WhatsApp Image 2022 03 21 at 18.40.03 Жол кырсыгынан үч адам каза болду
                                               КР ИИМдин ЖКККББ Басма сөз кызматы