Кытайда 133 жүргүнчү жана экипаждын мүчөлөрү бар учак тоону сүзүп алды

Бүгүн, 21-мартта Кытайдын түштүк жагында China Eastern Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-737 учагы кулады. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук телеканалы кабарлады.

Учакта 133 жүргүнчү жана экипаждын мүчөлөрү бар экени маалымдалды. Баштапкы кабарларга ылайык, ал Гуанси-Чжуан автономдук районундагы Тэн деп аталган уезддеги тоону сүзүп алган. Окуя болгон жерде өрт чыккан, ал жакка куткаруучулар чыгып кетти.

Борт Куньмин шаарынан Гуанчжоу шаарына бараткан. Flightradar24 порталындагы онлайн маалыматтарда көрүнүп тургандай, учак радардан жоголуп кеткен.