Ош шаарындагы беш кабаттуу үйдүн чатырынан эки окуучу кыз кулап, бирөө көз жумду

Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, 17-мартта саат 13:30дар чамасында Ош облустук ооруканасынан милицияга маалымат келип түшкөн. Ага ылайык, Ош шаарынын К.Маркс атындагы орто мектебинин 7-классынын эки окуучусу, классташ кыздар Ош шаарынын А. Шакиров көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу №9 үйдүн чатырынан бойлорун таштап жиберишкен.

“Кыздардын бири окуя болгон жерде каза болгон. Экинчиси оор абалда Ош облустук ооруканасына жеткирилген”, – деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан ар тараптуу иликтөө иштери башталды.