Бишкек – Ош жолунда карга тыгылып калган оор жүк ташуучу унаа чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында MAN автоунаасы жолдон чыгып, карга тыгылып калгандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн.
Жардамга аталган унаа жолдун 238-чакырымындагы “Итагар” кар көчкү станциясында жайгашкан Таш-Көмүр шаардык куткаруу кызматынын “КамАЗ” автоунаасы жана үч куткаруучу тартылып, куткаруу иши ийгиликтүү аяктаган.