Өкмөттүн 309-токтому дыйкандарды нааразы кылды

Министрлер кабинетинин “айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө” 309-токтому жер-жерлерде дыйкандардын нааразычылыгын жаратууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта өткөн маалымат жыйында Экспортчулар менен импортчулардын «Кыргызлэнд» ассоциациясынын төрайымы Ленара Ниязбекова билдирди.

«Фермерлер кайрадан сизге кайрылууга мажбур болуп жатабыз. Министрлер кабинетинин №309 токтому коомчулукта талкуу жаратып жаратты. Аталган токтомдун артында чоң социалдык маселе жаралганы турат.

Ага Кыргызстандын аймагындагы дыйкандар жана фермерлер каршы чыгууда. Алар токтом колунда бар адамдардын гана кызыкчылыгын көздөйт деп эсептешет. Өкмөттүн №309 токтомуна өзгөчө кылдат мамиле кылып, карап чыгуу керек. Жагдайды адилеттүү, тең салмактуу карап берүүңүздү суранабыз. Анын мыйзамдуулугун кароо боюнча президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Башкы прокуратурага кайрылып жатабыз»,-деди Ниязбекова.