Ысык-Атада 17 жаштагы өспүрүм асынып алды

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы Ысык-Атада 17 жаштагы өспүрүм асынып, каза болгонун билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-мартта райондук ички иштер бөлүмүнүн күзөт бөлүмүнө жашы жете элек баланын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Өспүрүм өзүнүн үйүнүн короосунан табылган. Ал К.Ш. экени аныкталган. Милициядан сыртынан кароо жүргүзүүдө денесинен жарат алган издери табылбаганын белгиледи. Өспүрүм өлөр алдында өзүнүн телефонуна видеокайрылуу жасап кеткен. Ал өзүнүн жакындары менен коштошуп, алардан кечирим сураган”, — деп айтылат маалыматта.