Күйүүчү майдын баасы жогорулайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдер ассоциациясынын жетекчиси Канатбек Эшатов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, күйүүчү-майлоочу май жеткирүүчү келишимдер доллар менен түзүлөт.
«Доллардын 1 сомго өскөнү бензиндин литрин 60 тыйынга кымбаттатат»,-деди Эшатов.
Белгилей кетсек, Бишкектеги май куюучу жайларда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы 61,2 сомду түзөт. Ал эми дизель майынын орточо баасы 62,0 сомду, суюлтулган газ 34,7 сомду түзүүдө.