Электр тармагынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Панфилов райондук электр тармагынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

whatsapp image 2022 03 09 at 13 06 02 1 Электр тармагынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Чүй облусунун энергетика тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Панфилов Райондук электр тармактары ага инспектору кармалды.

Буга чейин Панфилов районунун аймагындагы жеке жана юридикалык жактарга райондук электр тармагынын кызматкерлери «Түндүк электр» ААКнын кызматкерлери менен биргеликте электр энергиясын эсептегичсиз пайдалануу (тармактардагы электр энергиясын уурдоо) боюнча текшерүү иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында электр энергиясын пайдалануу боюнча аныкталган мыйзам бузуу фактысын жашыруу үчүн жооптуу кызматкерлер КР Н.К. аттуу жарандан 97 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкан.

whatsapp image 2022 03 09 at 13 06 01 Электр тармагынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган Опузалап пара алуу фактысы боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

whatsapp image 2022 03 09 at 13 06 02 Электр тармагынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 2022-жылдын 7-мартында Панфилов районунун аймагында 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Панфилов райондук электр тармагынын ага инспектору К.Ж.К. кармалды. Кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.