Украинадагы кырдаал: Кыргызстандын аскерлери атайын операцияларга катышпайт

Социалдык тармактарда Кыргызстан Россияга аскердик техникаларды берип, Украинага басып кирүүгө жардам кылууга макул экендиги тууралуу маалыматтар тарап жатат.

Юрий Поита деген колдонуучу өзүнүн Facebook баракчасына Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурунку жетекчисине шилтеме берип, Тажикстан менен Кыргызстан Орусиянын басымы алдында өз позицияларынан тайып, конфиденциалдуу түрдө аларга аскердик жардам берүүгө макул болгонун жазды.

 “Аскердик техника, ок-дарылар жана ушул Орто Азия республикаларындагы орус аскерлеринин бир бөлүгү согушка жумшалуу үчүн Орусияга жөнөтүлүп жатат”, – деп жазды Юрий Поита.

251130 w h500 1646293593 r 1 украинадагы кырдаал: кыргызстандын аскерлери атайын операцияларга катышпайт

Кыргызстандын Коргоо Министрлиги учурда өлкөнүн Куралдуу Күчтөрү дайымкы дислокация орундарында экендигин билдирди.

“Республиканын бардык аскердик бөлүктөрү өлкөнүн чегинде турат. Аларды мамлекеттин чегинен сырткары колдонуу иш-аракеттери жана план жок”, – деп белгилешти.

“Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлиги өлкөнүн Куралдуу күчтөрү учурда чет жерде кайсы бир аскердик операцияларга катышат деген айың кептерге ишенбөөгө чакырат. Жарандарды тек гана расмий булактарга ишенүүгө чакырабыз”.

Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлиги

Эске салсак, Украинадагы согуштун уланып жатканына сегиз күн болду. 2022-жылдын 24-февралында Орусиянын президенти Владимир Путин атайын аскердик операция баштаганын билдирген. Украинада жана Батышта бул аракеттерди өлкөгө басып кирүү деп кабыл алышты.

Бүгүн Орус-Украин тараптарынын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи раунду болору күтүлүүдө.