ИИМ: 2021-жылы Интерпол эл аралык издөөдө жүргөн 45 адамды кармаган

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросунун өтүнүч талабы менен 2017-жылдан бери издөөдө жүрүшкөн Кыргызстандын эки жараны атайын жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын негизинде Польшада кармалды. Биринчиси, Сириядагы куралдуу кагылышууларга катышкан жана экинчиси Кыргызстандын Жазаларды аткаруу мекемелеринен качып жүргөн.


2021-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол УББнын кызматкерлери тарабынан, эл аралык издөөдө жүргөн 45 адам кармалган, анын ичинен 14 адам чет өлкөлөрдө, 31адам Кыргызстанда болгон.
Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагынан Интерпол багытында издөө иштери жүргүзүлүп уурдалган 10 унаа табылган, ошондой эле, 6 жараксыз айдоочулук күбөлүк жана 1 жасалма паспорт аныкталган.


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросу Интерполго мүчө 195 өлкөнүн ичинен 50 мамлекет менен үзгүлтүксүз кызматташып келет.


ИИМдин Басма сөз кызматы