Ошто «Крутой» рейдинин жүрүшүндө 600 протокол түзүлдү

Ош шаарында өткөрүлгөн «Крутой» рейдинин жүрүшүндө 600 протокол түзүлдү
Ушул жылдын 25-26-февраль күндөрү Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматы «Крутой» аталышындагы рейд өткөргөн.

WhatsApp Image 2022 03 02 at 08.58.55 2 Ошто «Крутой» рейдинин жүрүшүндө 600 протокол түзүлдү


«Крутой» рейди жол унаа кырсыктарын алдын алууга, жол эрежелерин сактоого багытталган.


Рейддин алкагында жалпы 600 протокол түзүлдү. Анын ичинен айып короого 40 унаа токтотулду.

Унаанын айнектерин караңгылатуу боюнча 10 протокол, айдоочунун тишелүү макылдашуусу жок кошумча жабдык орнотуп алгандарга 4 протокол, мас абалында унаа башкарган айдоочуларга 15 протокол, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдөн туура эмес өткөн жарандарга 25 протокол, транспорт каражаттарын, айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузган жарандарга 300 протокол, жол тескөөчүсүнө баш ийбеген жаранга 1 протокол, тиешелүү документтери жок айдоочуларга 15 протокол, башка эрежелерди бузган айдоочуларга дагы бир канча протоколдор түзүлдү.

WhatsApp Image 2022 03 02 at 08.58.55 1 Ошто «Крутой» рейдинин жүрүшүндө 600 протокол түзүлдү

Ош шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн Басма сөз кызматы