“Дүйнө Путинди токтото алат жана токтотушу керек”, – Украинанын тышкы иштер министри

Украинанын  Киев, Одесса, Краматорск, Харьков, Бердянск шаарларында жана Борисполь аэропортуна жакын жерде жардыруу болгонун жазышууда. Жардыруулар тууралуу маалыматты украиналык УНИАН агенттиги тастыктады.

Белгилей кетсек, Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Путинди согушка байланыштуу айыптады. Ал «Твиттердеги» баракчасына «Путин Украинага каршы согуш баштады. Жайкын украин шаарларына чабуул уланып жатат. Бул баскынчылык согушу. Украина өзүн коргойт жана жеңет. Дүйнө Путинди токтото алат жана токтотушу керек», деп жазган.

Ага ылайык Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирген. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды.