Акылбек Жапаров Казакстанга жөнөп кетти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Казакстан Республикасына жөнөп кетти.

Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысы 24-25-февралда Нур-Султан шаарында өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат, ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Белгилесек, үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылат.