Аламүдүн районунда аккумулятор уурдоого шектүү кармалды


2022-жылдын 21-февраль күнү Аламүдүн РИИБүнө 1970-жылы туулган М.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал үстүбүздөгү жылдын 17-февралынан 18-февралына караган түнү “MAN” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автотранспортунун 2 даана аккумуляторун белгисиз бирөө уурдап кеткенин билдирген.


Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.


Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1995-жылы туулган К.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.


Териштирүү учурунда шектүү жарандын Аламүдүн районунун аймагында дагы ушул сыяктуу 10 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган. Учурда дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2022 02 22 at 09.23.12 1 Аламүдүн районунда аккумулятор уурдоого шектүү кармалды


Сотко чейинки өндүруш иштери улантылууда.