
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда жеке ишкерлерди коркутуп, опузалап акча каражатын талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды.
Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-февраль күнү жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында А.А.И. аттуу жарандан акча каражатын алып жаткан жеринен мурда ар кандай кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү 1993-жылы туулган А.у.Э., 1992-жылы туулган Р.Э.Р., кармалышты.
Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жыйынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.



Учурда кармалгандарга карата уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иштерине тиешеси бар башка фактыларды жана башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.