
«Бешинчи каналга» жаңы жетекчи келди. Бул тууралуу социалдык баракчалардан белгилүү болду.
Маалыматка караганда, бүгүн, 17-февралда «Бешинчи каналдын» жамаатына жаңы жетекчи болгон Алтынбек Бектуров тааныштырылды. Буга чейин ал «Регион ТВ» каналын жетектеп келген.
Кошумчалай кетсек, Сулайманов аталган каналга 2021-жылдын январь айында жетекчи болуп дайындалган. Ага чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынын жетекчиси болчу.