Социалдык тармактарда кафенин ичинде эркек киши эс-учун жоготкон учурда кимдир бирөө анын капчыгын уурдап кеткени тартылган видео тараган.
Биринчи май райондук милициясынан кабарлашкандай, 2-февралда С.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда Чүй көчөсүндөгү кафеде анын паспорт, банктык карта жана 7 миң сом акчасы салынган капчыгын уурдап кеткени жазылган.
Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурдоо”) боюнча катталган.
Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 28 жаштагы С.Э. аттуу адам кармалып, тергөө кызматына өткөрүлгөн. Кийинчерээк милицияга чакырганда келүү убадасы менен бошотулган.