Арман Жумагелдиев абактан чыгарылып кетти

Казакстандагы баш аламандык учурунда кармалган «Дикий Арман» каймана аты менен таанылган кримтөбөл Арман Жумагелдиев абактан чыгарылып кетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Жактоочулардын айтымында, 1-февралдан 2-февралга караган түнү Жумагелдиев СИЗОдон чыгарылганын билишкен. Бул тууралуу аларга маалымат берилген эмес.

Кошумчалай кетсек, Арман Жумагелдиев 7-январда кармалып, 2 айга камакка алынган.