Николь Смит-Людвиг: «Мен дагы эле ушул жердемин». Каскадёр айым Дубайдагы 828 метр бийиктикте

Британиялык Николь Смит-Людвиг аттуу каскадёр айым Дубайдагы 828 метр бийиктикте жайгашкан дүйнөдөгү эң бийик имарат аталган Бурдж-Халифанын чокусуна чыгып, авиа компаниянын жарнамалык ролигине тартылган.
wr 750 Николь Смит-Людвиг: «Мен дагы эле ушул жердемин». Каскадёр айым Дубайдагы 828 метр бийиктикте

Стюардессанын формасын кийген каскадёр айым Дубайдан өтүп жаткан «Экспо-2020» көргөзмөсүнө «Emirates Airlines» компаниясынын учагы менен учуп келүүгө чакырган. Дүйнөлүк көргөзмө 2020-жылы болмок бирок коронавирустан улам 2021-жылдын октябрь айына жылдырылган. Аталган иш-чара 2022-жылдын 31-мартына чейин уланат.
Screenshot 6 2 Николь Смит-Людвиг: «Мен дагы эле ушул жердемин». Каскадёр айым Дубайдагы 828 метр бийиктикте

Николь Смит-Людвиг колуна «Мен дагы эле ушул жердемин» деген жазуусу бар плакат кармап алган. Себеби бул акыркы айларда тартылган экинчи тасма.
Каскадёрдун имараттын чокусуна чыгуусу үчүн бир нече жумалык узак машыгуулар талап кылынган.

Тасманын аягында Николь айымдын аркасынан чоң көлөмдөгү лайнер учуп өткөн.