8-класстын окуучусун жулкулдаткан Лебединовка №1 мектебинин мугалими өз каалоосу менен жумуштан кетүү тууралуу арыз жазды.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, мектептин жетекчилиги арызды кабыл алды.
Эске салсак, буга чейин соцтармактарда мугалим окуучуну жулкулдатып жатканда тартылган видео тараган.
Милиция окуучу мугалимди сөккөнүн айткан.
Министрликтин маалыматы боюнча, 24-январда мектепте кеңири жыйын өтүп, ага Аламүдүн райондук администрациясынын башчысынын орун басары, Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, ИИБ кызматкерлери, мектептин администрациясы жана ата-энелер катышкан.
Жыйында окуянын себептери жана тараптардын жоопкерчилиги талкууланды. Окуяга катышкандар күнөөсүн мойнуна алышты.
Жыйындын жыйынтыгында мектеп администрациясына мугалимдер жамаатынын арасында «Мугалимдердин статусу жөнүндө» мыйзамдын 15-беренесин жана педагогикалык этиканы сактоо боюнча, ата-энелер жана окуучулар арасында мектептин уставын ишке ашыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталды.