25-январда УКМК тарабынан Чүй облусунун Москва райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн “Ш.Э.М.” аттуу жетектөөчү адиси опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, Чүй облусунун Москва райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси КР жаранынын паспортун алуу маселесин боюнча оң чечим чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын “Х.Х.Х.” аттуу жаранынан опузалап акча каражатын талап кылганы аныкталды.
Азыркы учурда кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.