Кантта Тез жардам унаасы жол кырсыгына кабылды

Бүгүн, 24-январда эртең менен Кант шаарынын борборунда «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа жана тез жардам унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Бул тууралуу Чүй ОИИББнын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тез жардам унаасынын жарык берүүчү жана үн коштоочу каражаттары иштеп турган, бирок жолдун кеслишинен жол тандабас бет маңдайынан чыгып, унаалар сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен тез жардам унаасынын айдоочусу жана фельдшери жабыркаган.

Учурда окуянын чоо-жайы такталууда. Унаалар айып аянтчасына токтотулду.