Мадумаров бүгүн да сурак берет

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров бүгүн, 21-январь саат 15:00го Башкы прокуратурага кайрадан суракка чакырылды.

Мадумаров кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча буга чейин төрт жолу Башкы прокуратуранын тергөө кызматына сурак берди.

Ал Төрт-Көчө тилкеси боюнча 2009-жылы кол койгон протоколго байланыштуу тергелүүдө.